Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан кетип жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бул жаңылык колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Алардын айтымында, Токторбаевди кызматынан бошотуу тууралуу эч кандай чечим кабыл алынган эмес жана ал өз милдеттерин кадимки режимде аткарууну улантууда.
Муниципалитет таратылып жаткан маалымат жалган экенин баса белгилеп, жалаң гана расмий булактарга ишенүүгө чакырды. Учурда шаар мэри жумуш ордунда, ал эми муниципалитеттин ишмердүүлүгү штаттык режимде уланууда.

