Акыйкатчы институтуна Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан көп кабат үйдүн курулушунда иштеген 21 киши кайрылган. Алар 16-январда эч кандай жүйөөсү жок эле иштен айдалганын айтып даттанышкан.
Ал арада үйдү салып жаткан подрядчы компания алмашып, курулушту уланта турган ишкана жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болгон.

