Кумтөргө жумушка киргизем деп алдап кетүүгө шектелген киши кармалды


Милициянын айтымында, ал 2024-жылы бир адамдан 135 миң сом алып, аны жумушка орноштурам деп убадалаган бойдон изин суутуп кеткен. 36 жаштагы киши ушундай эле дагы алты кылмышка шектелүүдө.