«Бишкек Аренанын» айланасындагы 500 метрлик радиуста 20 метрден бийик имарат курууга тыюу салынды


“Бишкек Арена” футбол стадионунан 500 метр радиуста 20 метрден (үч кабаттан) бийик имарат курууга тыюу салынат.

Чектөө токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерге жайылтылбайт. Бул чаралар стратегиялык объектинин коопсуздугун камсыз кылуу жана анын иштөө, эксплуатациялоо режимин тактоо максатында кабыл алынган.