Жалал-Абадда 100 чек арачыга батир берилди


Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, турак жай мамлекеттик ипотека аркылуу берилген. Үйлүү болгондордун жарымы Сузак районундагы «Асман-6» турак жай комплексинен батир алса, калганы ээ болгон батирлер «Асман-4» комплексинде жайгашкан.
«Жеке курамды үй менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Акыркы беш жыл ичинде 600дөн ашуун чек арачы турак жайлуу болду», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аскер кызматкерлеринин ипотекалык насыясын толугу менен мамлекет жаап берет.