Ноокат районунда жазгы талаа жумуштары расмий түрдө башталды. Райондун дыйкан-фермерлери арпа жана буудай себүү иштерине активдүү киришти.
Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жазгы талаа жумуштары 10–15 күнгө эрте старт алды. Бул аймактагы аба ырайынын ыңгайлуу шарттары жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгы менен байланыштуу.
Бүгүнкү күнгө карата 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди.
2026-жылга карата бекитилген план боюнча райондо 8 473 гектар аянтка буудай, 2 596 гектар аянтка арпа айдоо каралган.
Жазгы талаа иштери уюшкандыкта жана активдүү уланууда. Айыл чарба тармагындагы бул иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана региондун агрардык потенциалын жогорулатууга багытталган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкан-фермерлерге үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу, ошондой эле агротехникалык кеңеш берүү багытында тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө. Министрлик жазгы талаа жумуштарынын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, чарбаларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантууда.

