Мамлекеттик жер кайра кайтарылды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доо-арызы канааттандырылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Ош облустук административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып, мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жерин мамлекеттин менчигине кайтарды.