Юстиция министринин жаңы орун басары дайындалды


Айдаров Айбек Самудинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, учурда «Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы» багыты боюнча аспирантурада окуп жатат. Мамлекеттик органдарда 15 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар.

Дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектеген.