Мирбек Мамбеталиев: Туунун кызыл түсү элдин эрдигин жана кайратын даңазалайт


Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен  куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Мамлекеттик туу бекитилген. Бул күн эгемендүүлүгүбүздүн, суверендүүлүгүбүздүн жана улуттук биримдигибиздин символу катары тарыхыбызда өзгөчө орунду ээлейт.

Мамлекеттик туунун авторлору — Бекбосун Жайчиев, Эмил Абдылдаев, Жусуп Матаев жана Сабыр Иптаров — терең тарыхый жана философиялык мааниге ээ мамлекеттик символду жаратышкан.

Туунун кызыл түсү элдин эрдигин жана кайратын даңазалайт. Кырк нурлуу күн кыргыз элинин байыркы кырк уруусунун биримдигин билдирет. Ал эми түндүк — ата-бабадан калган ыйык очоктун, үй-бүлөнүн жана муундардын уландысынын белгиси катары туруктуулукту жана руханий өзөктү символдоштурат.

Мамлекеттик туу — бул жөн гана расмий белги эмес. Ал — улуттун маданий өзөгүнүн, тарыхый эс тутумунун жана дүйнө таанымынын чагылышы. Маданият аркылуу — музыкада, адабиятта, театрда, көркөм өнөрдө жана элдик чыгармачылыкта — мамлекеттик символдордун маани-маңызы жаш муундарга жеткирилип, мекенчилдик сезим жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик калыптанат.

Бүгүн мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды бекемдөө, жаштардын жүрөгүндө Ата Мекенге болгон сыймык сезимин арттыруу өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ар дайым тынчтыктын, биримдиктин, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын символу болуп бийик желбирей берсин!

Майрамыңыздар кут болсун! — деп жазылган куттуктоодо.