Айыл чарба техникалары жазгы талаа жумуштарына 84% даяр

Tractor cultivating field at spring,aerial view

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жазгы талаа жумуштарына карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу маалымдайт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган. Анын ичинде 22 330 трактор, 11 598 соко, 3 379 үрөн сепкич, 15 645 мала, 813 жер семирткич чачкыч, 1 667 арык казгыч, 1 944 жер тегиздегич, 9 162 трактор чиркегич жана башка техникалар бар.

Жазгы талаачылык айдап-себүү иштерине даярдык көрүүнүн алкагында аймактардагы айыл чарба субъекттери тарабынан техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр болду. Учурда республика боюнча айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 84 пайызды түзөт.

Тактап айтканда, 22 330 трактордун 18 465и же 83 пайызы талаа иштерине даяр. Мындан тышкары, соколордун 84 пайызы, үрөн сепкичтердин 81 пайызы, малалардын 85 пайызы, жер семирткич чачкычтардын 87 пайызы, арык казгычтардын 84 пайызы, жер тегиздегичтердин 85 пайызы жана трактор чиркегичтеринин 86 пайызы ишке даяр абалда.

Жалпы республика боюнча жазгы өнөктүккө 8 миңден ашык жер айдоочу агрегат жана 3 миңден ашык себүүчү агрегат катышары күтүлүүдө.

Министрлик тарабынан жазгы талаа иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүү үчүн тиешелүү координациялык иштер улантылууда.