Кара-Сууда 1 гектар аянтта күнөскана чарбасы ийгиликтүү иштеп жатат


Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнө караштуу Падаван айылында «Абдирашит» аттуу жеке ишкер 1 гектар аянтта күнөскана чарбасын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Күнөсканада жашылчалар жана гүлдөр өстүрүлөт. Чарба Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча регионалдык башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келет.

Өндүрүштө биологиялык ыкмалар колдонулат. Тактап айтканда, биопрепараттар жана энтомофагдар пайдаланылып, өсүмдүктөр зыянкечтерден корголот. Бул ыкма экологиялык жактан коопсуз жана сапаттуу продукция өндүрүүгө шарт түзөт.

Аталган тажрыйба аймакта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза продукция менен камсыздоого салым кошууда.