4-мартка карата аба ырайы


4-март, шаршембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11…+16, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын жергесинде +1…+6 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында күндүн табы +8…+10, Ош калаасында +14…+16 градуска жетери айтылды.