Кыргызстанга 4 миллиондон ашуун гүл импорттолду


8-март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашуун гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаз майрамдарынын алдында жаңы гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтүүдө.

Февраль айынын башынан бери өлкөгө 4,07 миллион даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31 пайызга көбөйгөн.

Негизги жеткирүүчү өлкөлөр — Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланддар жана Колумбия.

Эң көп суроо-талапка ээ болгон гүлдөр — розалар, гвоздикалар, орхидеялар, хризантемалар жана лилиялар.

Импорттун басымдуу бөлүгүн розалар түзөт — 3,56 миллион даана.