Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга 2 айда 3000ге жакын үлгү түштү


Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2026-жылдын 2 айына өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы — 2998 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

— импорттук карантинге алынган продукциядан 2073 даана үлгү;

— экспорттук карантинге алынган продукциядан 699 даана үлгү;

— изилдөө иш-чараларынан 60 даана үлгү;

— кайрылулар боюнча 166 даана үлгү.

Жалпы лабораториялар 6997 экспертиза жүргүзгөн, экспертизынын жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган эмес.

Айыл чарба продукциясын экспортко же импортко чыгарууда сапат — эң маанилүү талап!

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларында продукциялар зыянкечтерге, илдеттерге, отоо чөптөргө жана нематодого экспертизаларды жүргүзөт.

Экспертизанын негизинде карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгү берилет, ал эми адистер керектүү кеңештерди беришет.

Өсүмдүк карантини боюнча лабораторияларынын даректери:

• Бишкек: Маяковский көч. №60

0312 376 321, 0557 996 898

• Ош: Исанов көч. №42

0222 929 276

• Талас: Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көч. №22

0553 509 190

• Ысык-Көл: Түп айылы, Манас көч. №124 0755 557 313

• Баткен: Чет-Булак көч. №1

0770 171 112

• Нарын: Мусурманкулов көч. №126

0708 535 373