АКШ Ирандын кемесин чөктүргөнү айтылууда


АКШ эл аралык суунун аймагынан Ирандын кемесин чөктүргөнүн Reuters басылмасы жазды.

Американын Коргоонуу министри Пит Хегсеттин айтымында, мындай окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кездеше элек болчу.

Ирандын деңиздеги аскердик күчтөрүнө таандык кеме Индиядагы машыгуудан кайтып келе жаткан.
«Алардын флоту эч кандай роль ойнобойт… Чындыгында Американын суу алдындагы кемеси Ирандын Инд океанында эл аралык коопсуз сууда бара жатабыз деп камсанабай бараткан аскердик кемесин чөктүрдү», — деген Пит Хегсет.
Пентагондун маалыматы боюнча, АКШ тарабынан жок кылынган суднонун саны суу алдындагы кемелерди кошкондо жыйырмадан ашат.
«Биз аймактан тышкаркы жайларда жүргөн кемени кошкондо Ирандын 20дан ашык аскердик кемелерин, суу алдындагы жүрүүчү бир кемесин жок кылдык. Ошондой эле ушул тапта Ирандын деңизде жүрүүсүн натыйжалуу кылып жөнгө салдык”, — деп АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Дэн Кейн журналисттерге айткан.