Энелердин урматына арналган “Бейиш эненин таманында” долбоорунун 10 жылдык мааракеси өттү. Сүрөттөр


7-март күнү Бишкек шаарында «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата жыл сайын өтүүчү “Бейиш эненин таманында” долбоорунун 10 жылдык юбилейлик жана майрамдык иш-чарасын жогорку деңгээлде өткөрдү. “Бейиш эненин таманында” долбоорунун автору коомдук ишмер, белгилүү продюсер Дана Абдыбекова.

Долбоорго Жогорку Кеңештин депутаттары Бурун Аманова, Улукбек Карыбек уулу, Адилет Белеков, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, коомдук ишмерлер Шарипа Садыбакасова, Чынара Шейшекеева, Ширин Алиева-Костюк, Чынар Капарова, Рысгүл Акимжанова жана маданияттын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, белгилүү ырчылар, бийчилер, кино жана театр актерлору, актрисалары катышты.

     

    

 

       

Аталган долбоордун максаты аялдардын коомдогу ордун көтөрүү, адамзаттын турмушундагы ордун жогорулатуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө, ошондой кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо, жайылтуу, жаш муундарга таанытуу болуп саналат.

Долбоорго өлкөнүн жети дубанынан мыкты уул-кыздарды тарбиялаган энелер, Баатыр энелер, эмгектин каармандары, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагынын, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, Кыргызстанга белгилүү коомдук ишмерлер, ийгиликтүү ишкерлер жана өз чөйрөсүндө лидер болгон айымдар катышып келе жатат.

Долбоордун уюштуруучусу Дана Абдыбекова иш-чара тууралуу маалыматтар менен бөлүштү:  – “Бейиш эненин таманында” долбоорунун быйылкы каармандары да, катышуучулары да өзгөчө болду. Акыркы жылдары долбоорго кара жумушта иштеп, үй-бүлөсүн багып, ошол эле учурда шаардыктардын турмуш-шартын жакшыртып, шарт түзүүгө салым кошкон “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерин, мугалимдерди, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү айымдарды дагы колдоп келебиз. Быйыл “Бишкек жашыл курулуш”  муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бакирова Алтын, Келгенбаева Тоюмкан, Ормотоева Асель, Шамакеева Тоюн, Аскарова Аида, Казакбаева Жамила, Назарова Кайыркул, Кудайбергенова Махабат, Байышова Кундус Байышовна, Семенкова Ирина, УТРКнын техникалык кызматкерлери Жаналиева Динара, Акунова Айдай жана мүмкүнчүлүгү чектелген айым, кол күрөш боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Азиянын 7 жолку чемпиону жана Кыргызстандын 8 жолку чемпиону Эсенказиева Светаларга моралдык колдоо жана майрамдык маанай тартууланып, атайын белектер берилип, «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин “Улукман эне” диплому менен сыйланды. Кыргыз маданиятынын театр жана кино тармагынын таланттуу актер, актрисалары, “Аталар изи” студиясынын алп кыз-жигиттеринин апалары, ТОП-10 блогерлер жана белгилүү ырчылар да “Кыргыз Биримдиги” коомдук бирикмесинин атайын дипломдору менен сыйланышты, – деди Абдыбекова.

    

 

  

 

   

    

 

     

  

     

     

Ошондой эле кеченин жүрүшүндө “Пери Этно” брендинин кыргыз улуттук кийимдеринин этностиль менен заманбап стилде айкалышкан эмгектерин тартуулады.

    

    

      

Белгилеп кетсек, долбоордун катышуучуларына улуттук кийимдерди (дресс код) кийип келүү талабы коюлат. Быйылкы иш-чарада дагы бардык катышуучулар кыргыздын шөкөттөлгөн улуттук кийимдери, чапан, белдемчи, кемсел жана башка этно стилдеги кийимдер менен келишип, кеченин көркүн ачты. Бул дагы биздин улуттук баалуулуктарга болгон сүйүү, сый-урмат болот.

 

     

“Бейиш эненин таманында” долбоору жыл сайын лоторея ойнотуп, катышуучуларга кымбат баалуу белектер, чет өлкөгө саякаттоого жолдомо жана акчалай белектерди берет. Бул жолу да айымдарга керектүү буюмдар,  2 даана “Айфон17”, 2 адамга Туркиянын Аланья шаарына 100 пайыз акысыз эс алып келүүгө жолдомо ойнотулду.

   

   

   

Кеченин майрамдык бөлүгүндө кыргыздын атактуу ырчылары Мирбек Атабеков, Юлия Руцкая, Кенже Дүйшеева, Аваз Акимов, Айдана Дека, Айбек Бакытов, Биржан Балбол, Айгерим Эшим, Алтынай Асанбековалар апаларга, айымдарга арналган ырларын аткарышты.

   

     

   

    

Эскерте кетсек, “Бейиш эненин таманында” долбоорунун автору, “Кыргыз Биримдиги” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, төрайымы, коомдук ишмер, белгилүү продюсер Дана Абдыбекова улуттук баалуулуктарын, ыйык дөөлөттөрүн, байыртан бери келе жаткан маданиятын жана каада-салтын жайылтуунун үстүндө «1000 ак элечек айымдар», «Ак кемеде ак элечек апалар», «2000 ак элечек айымдар», «Кырк казан» жана «Жети казан» сүмөлөк фестивалы, «Кыргыздын кыйын кырк кызы», «Бейиш энелердин таман алдында», «Үлгүлүү өмүрлөш жубайлар», «Ак Мөөр» сулуулар сынагы, “Ак Мөөр” түстүү журналы жана кыргыздын улуттук тамагы «Бешбармак» Гиннеске катталган ири долбоорлорду жана “Кырк казан сүмөлөк”, “Жети казан сүмөлөк” фестивалдарын жогорку деңгээлде өткөрүп, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктарды тапшырып келе жатат.

 

   

 

 

Сүрөттөр Эржан Кадырбековдуку.