Айыл чарба министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орунбасары Керималиев Жаныбек Калканович ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

МинКабдын төрагасынын дагы бир тескемесине ылайык,  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары  Б.Т. Бекболотов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Шаменов Айбек Асанович – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.