Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан Республика боюнча 2026-жылдан тартып 773 айылда таза суу долбоорлорун ишке ашыруу каралууда.
Анын ичинен:
* Курулуш-монтаждоо жумуштары баскычы: 120 айылда курулуш монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.
* Долбоорлоо: 229 айыл боюнча долбоор-сметалык документация даярдалууда.
* Сатып алуулар: 27 айыл боюнча курулуш жумуштарына тендер өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, маалымат өзгөрүп турат.
* Долбоорлоого даярдык: 219 айыл ДСД даярдоого документтер топтолууда, анын ичинен 95 айылга иш-кагаздар толугу менен топтолду.
* Техникалык-экономикалык негиздеме: 177 айылда ТЭН даярдалууда.

