Камчыбек Ташиевден маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат алынган


Камчыбек Ташиевден беш сааттык сурактан кийин тергөөнүн жүрүшү боюнча маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат алынганы тууралуу «Кактус медиа» жазды.

Эске салсак, бүгүн ал Кыргызстанга келгенден кийин мурдагы УКМК төрагасы катары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына кылмыш ишинин алкагында суракка жеткирилген.

ММКлардын маалыматына караганда, аэропорттон аны уулу Таймурас тосуп алып, экөө чогуу милицияга барышкан.

Болжол менен беш саатка созулган сурактан кийин Камчыбек Ташиевден тергөө аракеттерин ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат алынганы белгилүү болду.

Жарыяланган учурга карата укук коргоо органдарынан расмий комментарийлер бериле элек.