Бишкекте 20дан ашык адамды сызга отургузган деп шектелген аял кармалды


Милициянын айтымында, аял 12-январда жабырлануучуга кийим тигүүчү 8 машинаны жеткирип берүүнү убадалап, андан 319 миң сом алган. Бирок кийин таптырбай кеткен.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде шектүү катары 39 жаштагы М.Т. кармалган. Тергөө учурунда ал ушул 20дан ашык сыяктуу алдамчылыкка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүүнүн жашы жете элек баласы болгондуктан, ага карата электрондук көзөмөл түрүндөгү (билерик тагуу) баш коргоо чарасы тандалды.