Түркияда «Постучись в мою дверь» (Менин эшигимди как) сериалынын башкы каарманы, белгилүү актриса Ханде Эрчелди камакка алууга ордер берилди.
Бул тууралуу түркиялык «Sabah» басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, тергөө иштери баңгизат сактоо жана сойкулукка көмөктөшүү ишинин алкагында жүрүп жатат. Ошондой эле, актрисанын мурунку өнөктөшү Хакан Сабанджины да камакка алуу чечими кабыл алынган.
Бул иш боюнча жалпы 16 шектүүнүн ичинен 14ү кармалды. Ханде Эрчел өзү социалдык тармактар аркылуу чет өлкөдөн мекенине кайтып келгенин жана тергөөгө көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирди.

