Улуттук банктын мурунку төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды


Улуттук банктын мурунку төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазышууда.

Кечээ, 26-мартта, ал «Кыргызнефтегаз» иши боюнча ИИМге күбө катары суракка чакырылган. Сурактан кийин Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мелис Тургунбаев 2013-жылдан 2017-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон жана бир канча убакыт башкармалыктын төрагасы кызматын аркалаган.