ЖК депутаттары Россияда мигранттардын балдар үчүн мектепке кирүү тестин жөнөкөйлөтүүнү сунушташты


Жогорку Кеңештин төрагасы расмий сапар менен Россияга барды. Сапардын биринчи күнүндө делегация Москвадагы мектептердин бирине барып, окуучулар үчүн өткөрүлчү тестирлөөнү көрүп, айрым депутаттар тесттен өздөрү да өтүштү.

Эл өкүлдөрү тапшырмалардын татаалдыгына көңүл буруп, аларды жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун айтышты.

“Чет өлкөдөгү мекендештерибиздин балдарына билим берүү приоритеттүү маселе. Тестирлөө шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алышы керек”, — деди Марлен Маматалиев.