Бишкек шаарында «Экстремист» алдын алуу иш-чарасынын алкагында тыюу салынган «Йакын Инкар» диний уюмунун тарапташтары аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейд учурунда 1970-жылы туулган Н.К. аттуу жаран («Нурулло» катары белгилүү) аныкталган. Колдо болгон маалыматтар боюнча, ал Кыргызстандын аймагында тыюу салынган бул уюмдун лидери болуп саналат. Ошондой эле аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар да такталды.
Аныкталган жарандар менен алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө алар радикалдык көз караштарынан баш тартууга, мыйзамга каршы аракеттерге жол бербөөгө жана келечекте диний кастыкты козуткан идеяларды жайылтпоого убада беришти.

