Сокулукта мурунку почта кызматкери 15 млн сом кымырып алган деп кармалды


УКМК маалымдагандай, “Кыргыз почтасынын” Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В. кызматтык абалынан пайдаланып, акчаны өзүнүн жеке банктык эсебине которуп турган.

Зыяндын жалпы суммасы 15 млн сом экендиги аныкталды. Шектүү акчанын бир бөлүгүн Ысык-Көлдүн аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга пайдаланган. Кылмыш иши козголуп, зыянды өндүрүү чаралары көрүлүп жатат.