Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көлгө май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары салынды.
Бул иш-чара Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү.
Анда жалпысынан 3 млн даана май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында бир катар тилкелерге коё берилди:
- 18-тилке — 500 миң даана;
- 7-тилке — 500 миң даана;
- 13-тилке — 1 млн даана;
- 40-тилке — 1 млн даана.

