Бишкектеги караоке-клубда 22 жаштагы жигит катуу сабалып, үч кесиптешине арыз жазды


Жабырлануучунун айтымында, окуя 22-мартта GRAMMY аттуу жайда болгон. Кызматкерлер ортосундагы кайым айтышуу мушташка айланып, жыйынтыгында Б.С. кесиптештери тарабынан сабалган. Жигит ооруканага түшүп, ага дарыгерлер мээси чайкалган деген диагноз коюшкан.

Свердлов райондук милициянын айтымында, факт каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Окуяга катышкан 31 жаштагы Н.А. милицияга жеткирилген.