Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык кызматкерлери менен Каракол шаардык ветеринария, айыл чарба, жайыт жана тоют кызматынын кызматкерлери, Каракол шаардык мэриясынын тазалык ишканасынын техникаларын колдонуу менен муниципалдык мал базарында 5% хлорлуу акиташ (хлорная известь 5%) менен дезинфекция иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чара Каракол шаарындагы мал базардын аймагында санитардык абалды жакшыртууга багытталган комплекстүү тазалоо, дезинфекциялоо жана жаңылоо иштери менен коштолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мал базардын сырткы аймагы толугу менен тазаланып, ошондой эле ички бөлүгүндөгү бардык мал соючу жайлар санитардык-ветеринардык талаптарга ылайык дезинфекцияланды.
Мындан тышкары, унаалардын дөңгөлөктөрүн жана мал жандыктардын туяктарын милдеттүү түрдө дезинфекциялоого арналган атайын жайлар толук оңдолуп, жаңыланып, кайрадан ишке киргизилди.
Аталган иштер жугуштуу жана өзгөчө кооптуу оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана аймактагы эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында жүргүзүлдү.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мал базарларында санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары да туруктуу негизде улантып, күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөйт.

