Экс-депутат Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды


ИИМ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомундагы коррупция иши боюнча кармалган.

Ташиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экс-депутат буга чейин бир нече ирет ИИМде күбө катары сурак бергени маалымдалган болчу.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев 14-мартта депутаттык мандатын «саясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн» тапшырганын жарыялаган эле.