Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов да Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынганын Kaktus медиа жазды.
Марат Султановдун аты сонку жолу өткөн күздө маалымат каражаттарында “Берекет” банкынын негиздөөчүсү катары пайда болгон. Анда анын Садыр Жапаровдун уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен бирге аталган банктын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

