Ташкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койду


Ташкент шаарында жана облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жол менен жаан-чачын жаадыруу ишке ашырылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкта айтылат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жабдуулар орнотулат.

Документке ылайык, бул иштер 2027-жылдын 1-октябрына чейин жүргүзүлүшү керек. Буга чейин Кытай Кыргызстанга 12 дрон өткөрүп берип, аларды айыл чарбада, жерлерге мониторинг жүргүзүүдө жана жасалма жол менен жаан-чачын жаадыруу иштеринде колдонуу пландалганы да маалымдалган.