«Түндүк» тиркемеси Президенттин иш башкармалыгына өттү


«Түндүк» ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Президенттин иш башкармалыгына жана тиешелүү министрликке жарлыкты ишке ашыруу жана мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте пайдаланууга берүү тапшырылды.