Адылбек Касымалиев АКШнын Стэнфорд университетине тапшырган Амиртай Бексултановду куттуктады


Кабминдин маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетинин бакалавриат программасы боюнча толук грантка ээ болгон Амиртай Бексултановду кабыл алды. Өкмөт башчы бул ийгилик чоң даярдыктын жана билимге умтулуунун жыйынтыгы экенин белгиледи.

Касымалиев ошондой эле Амиртайдын жетишкендиги жаштар үчүн үлгү болорун айтып, өлкөдө жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо маанилүү багыттардын бири экенин эске салды. Жолугушууда ага окуусунда ийгилик кааланып, эстелик белек тапшырылды.