Таш-Көмүр шаарынын мэри алмашты


Орозбаев Эрк Нарынбекович Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович жеке арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.