Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында жарым финалга чыкты


Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Мээрим Жуманазарова жарым финалга жолдомо алды.

68 кг салмак ченинде күч сынашып жаткан кыргызстандык спортчу Вьетнамдын балбанын 11:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө. Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулууда.