Айпери Медет кызы атаандашын утуп, жарым финалга чыкты


Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.

76 кг салмак ченинде килемге чыккан кыргызстандык спортчу чейрек финалда кытайлык атаандашын тушеге басып, утуп алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө. Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулууда.