Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1 204 жаран издөөгө алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө алимент өндүрүү боюнча жалпысынан 60 720 аткаруу өндүрүшү бар. Мурда ички иштер органдарында каралып келген материалдар азыр райондук прокуратуралардын көзөмөлүнө өткөрүлүп, алимент толук төлөнбөгөн учурларда кылмыш иштери козголууда.

