Нарын районунда 14 жаштагы мектеп окуучусу жанын кыйганын укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Маалыматта бала кат жазып, анда мектеп директорунун орун басарын атап кеткени белгиленген.
8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул тууралуу маселе көтөрдү.
«Мектептеги китептин ижарасына деп чогултулган акчанын 110 сомун таба албай, тарбия завучу кабинетине алып кирип сурак алыптыр. Ал бала намыстанып асынып алыптыр. Биз өзгөчө парламентте мугалимдерге болушуп келебиз. Бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылып жатат. Ал жакта ишти кыргызча жабабыз деп ызы-чуу болуп жатыптыр. Ушуну төрага өзүңүз жана өкмөт көзөмөлгө алып коюңуздар деп кайрылат элем», — деди Сурабалдиева.
Облустук милиция 1-апрель күнү саат 15:43 чамасында Ийри-Суу айылында өспүрүмдүн өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
«Факт боюнча экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат кабарда.

