VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын — 2026 расмий тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилди. Бул тууралуу Оюндардын Эл аралык катчылыгы билдирди.
«Ба» — «барс» сөзүнөн алынган, бул күч, эркиндик жана ички кубат, ал эми «тай» — «таяныч» сөзүнүн кыскартылган түрү. «Бул ички өзөк, тең салмактуулук жана тамыр менен болгон байланыш жөнүндө», — деп түшүндүрүштү катчылыктан.

