Бишкекте баңгизат колдонуп алып унаа башкарган чет өлкөлүк жаран кармалды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Транзит» аталыштагы рейд учурунда мас абалында унаа башкарган чет элдик жаран аныкталды.

10-апрель күнү түнкү саат экилер чамасында Бишкектин Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинен ЖКККББ жана ПМСБ инспекторлору ак түстөгү «Мерседес-Бенц» унаасын токтотушкан. Рулда 2000-жылы туулган Кытайдын жараны Д.Т. аттуу жаран болгон. Анын абалынан шектенген инспекторлор айдоочуну наркологиялык борборго жеткиришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы чет өлкөлүк жарандын баңгизат колдонуп алганын тастыктады.

Бул факты боюнча тийиштүү протоколдор түзүлүп, унаа айып короосуна токтотулду.