Президент Садыр Жапаров кечээ Кара-Суу районун кыдырып чыкты. Анда өлкө башчы Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборун ачууга катышты. Президентти бир топ министрлер жана жергиликтүү чиновниктер коштоп жүрүшөт. Түштөн кийин эл менен жолугуп, бир топ көйгөйлөрдү угуп, аны чечүү жолдорун карап чыкты.

