Азия чемпионатындагы аялдар күрөшүнүн сыйлоо аземинде Айсулуу Тыныбекова кайрадан чоң спортко кайтып келерин жарыялады. Анын айтымында, ал 2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышат, ошондуктан кайрадан чоң спортко кайтып келүү планы бар. Жайкы Олимпиада оюндары 2028 АКШнын Лос-Анджелес шаарында 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин өтөт.
Айсулуу Тыныбекова — Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, Токио Олимпиадасы 2021 күмүш байге ээси жана Париж Олимпиадасы 2024 коло байге ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.

