Президент Садыр Жапаров Кубанычбек Атажановду Кыргызстандын ЖККУнун Туруктуу кеңешиндеги туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотту. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду.
Маалыматка ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кабыл алынды. Кубанычбек Атажанов буга чейин Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы Туруктуу кеңешиндеги туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

