Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтон шаарына барды. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушууларда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана учурдагы долбоордук портфелди ишке ашыруу маселелери каралат. Мындан тышкары, өкмөт башчы АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX корпорацияларынын жетекчилиги менен жолугуп, санариптик трансформация жана жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшөт.