Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков 13-апрелде БШКга депутаттык мандатты өзүнө өткөрүп берүү талабы менен арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары токтотулгандан бери бир айдан ашык убакыт өттү, бирок маселе боюнча чечим чыга элек.
Айдарбеков мандат берүү жол-жобосу негизсиз создуктурулуп жатканын айтып, кечигүү ИИМ жана ТИМден кошумча маалымат алуу зарылдыгы менен түшүндүрүлүп жатканын белгиледи. Эске салсак, 10-мартта Конгантиев жеке арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

