Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылында ичүүчү суу системасын куруу иштери жүрүп жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында суу ар бир үйгө чейин жеткирилет жана 2 миңге жакын тургун камсыз болот.

Долбоор айылдагы санитардык абалды жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга багытталган. Курулуш иштерин ушул жылдын экинчи кварталында бүтүрүү пландалууда.