Кыргызстандын бийлиги учурда орус тилинде аталган айылдардын аталыштарын толугу менен өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, республика боюнча калктуу конуштардын аталыштарын алмаштыруунун масштабдуу процесси көпкө созулбайт.
«Бул ишти келерки жылы жыйынтыктайбыз», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Тилектеш айылынын атын өзгөртүү маселеси көтөрүлүп, жергиликтүү тургундар ага Алымбек датканын ысымын ыйгарууну суранышты. Бул өтүнүчкө түшүндүрмө берип жатып, Президент бийликтин топонимикага карата жаңы саясатын (багытын) айтты: мындан ары калктуу конуштарга тарыхый инсандардын ысымдары берилбейт.

