Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Бишкекте автосалондон 15 унаа алып кетип, акчасын бербей койду делген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Арыз ээси 250 миң долларга алданганын айткан. Учурда 52 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.