Кара-Балтада жаныбарларды стерилизациялоо жана чиптөө иштери башталат


Кара-Балта шаардык мэриясы үй жана кароосуз калган жаныбарларды стерилизациялоого жана эмдөөгө жазылуу башталганын билдирди. Шаар тургундары үчүн бул процедуралар «Кумайык» программасынын алкагында Кыргыз-Француз экотуризм бирикмеси жана Жайыл райондук ветеринария башкармалыгы менен биргеликте акысыз жүргүзүлөт.

Муну менен катар шаарда жаныбарларды идентификациялоо өнөктүгү да башталууда. Чип орнотуу акысыз, ээси болгону чиптин өзүнүн баасын — болжол менен 200 сомду төлөйт. Жазылуу «Кумайык» колл-борбору аркылуу 0700 335 449 номери менен жүргүзүлөт.