Марлен Маматалиев  Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштады


Стамбулда өткөн жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго Астананын борбордук көчөлөрүнүн бирине көрүнүктүү кыргыз коомдук-саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул демилге маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айтылды.

Маматалиев ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын алакасы жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыш эки тараптуу мамилени чыңдоонун натыйжалуу механизми бойдон калып жатканын айтты. Ал Бишкек менен Астанада өткөн парламенттик иш-чараларды эске салып, быйыл Кыргызстанда Парламенттер аралык кеңештин IV жыйынын өткөрүү пландалып жатканын билдирди.